Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунун конституциялуугун текшерүү жѳнүндѳ

Юридикалык жактар   жана ишкерчилик менен алек болгон жарандар жүйөлүү себептер боюнча доосу эскирген мөөнөттү калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

“Фармация” ачык акционердик коомунун өкүлү Н.Б.Кочкорбаеванын Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пуктунун биринчи абзацын конституциялык эмес деп таануу тууралу өтүнүчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2016-жылдын 17-февралындагы Чечиминде канагаттандырды.

 

Бул ченемге ылайык юридикалык жактар жана ишкерчилик менен алек болгон жарандар эч бир жагдай-шарттарда доосу эскирген мөөнөттү калыбына келтире алышпайт эле. Бул мөөнөт аяктаган соң (жалпы жонунан бул мөөнөт 3 жылдык) бузулган укуктарды коргоо тууралуу талаптарды сот кабыл алуудан баш тартууга милдеттүү, бул жерден ал мөөнөт кандайдыр бир олуттуу себептер менен өткөрүлгөндүгүн текшерүү мүмкүнчүлүгү да бул сыяктуу жарандык мамилелердин субьектилер категориясынан өтүнүчтөр да кабыл алынышы мүмкүн эмес эле.

 

Арыздануучу, талашты туудурган ченем жогоруда аталган субьектилердин соттук коргонууга болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн кур калтырууда, ал эми андай мүмкүнчүлүк Конституция тарабынан кепилдикке алынса, мыйзам чыгаруучу тарабынан чектелүүгө мүмкүн эмес деген оюн билдирүүдө.

 

Конституциялык палата тараптардын келтирген орундуу жүйөөлөрүн угуп, башка жактардын пикирин угуп, иштин материалдарын кылдаттык менен изилдеп чыгып, кийинки жыйынтыктарга келди.

 

Укук колдонуу тажрыйбасында кызыкдар тарап доонун эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу өзүнүн укуктарын коргоо үчүн соттук коргонуу механизмдерин пайдалана калбай калууда, себеби укуктарын бузуу фактысы тууралуу билбей жана реалдуу билүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу да болууда. Бул жарандык мыйзамдын айрым ченемдери белгилүү бир чөйрөгө тиешелүү болуп, асыресе, юридикалык жактарга жана ишкерчилик менен алек болгон жарандарга доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жоктугу менен шартталып, соттук коргонууга болгон алардын укуктарынын ишке ашырылышына мыйзамдар тарабынан коюлган чектөө катары келүүдө.

 

Ушуну менен бирге Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 215-беренесинин 2-пунктунда каралган жарандык мамилелердин ар кандай субьектилер тобуна мыйзам чыгаруучунун ар кыл мамилеси, анын ичинде бир бөлүгү доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укугу жок болгондугу мыйзам жана сот алдында баары тең деген конституциялык теңдик принцибине карама каршы келет жана жарандык чөйрөдөгү ниети таза катышуучулардын баардыгын бирдей деңгээлде коргой албайт.

 

 

Төрагалык кылуучу               Касымалиев Мукамбет Шадыканович

Судья-докладчы                          Киргизбаев Куанбек Манаевич