Меню навигации+

«Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ» мыйзамын конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ

Үстүбүздөгү жылдын 14-январында Конституциялык палата, ӨЭУ жана КЭУ Ассоциациясынын төрагасы Т.Үметалиеванын өтүнүчүн карап чыгып, КР 2104-жылдын 17-майында чыккан №68 «Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ» мыйзамын конституциялуу деп кабыл алуу жѳнүндѳ чечим чыгарды. Аталган Мыйзамга ылайык, мурда «Атайылап жалган билдирүү жасоо» деп аталган КР Кылмыш-жазык кодексинин 329-беренеси жаңы редакцияда «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо» деп берилген, ошондой эле КР Жазык-процесстик кодексинин 151-беренесинин 3-бөлүгүндө «атайылап жалган билдирүү жасоо» деген сөз «атайылап жалган билдирүү» деген сөздөр менен алмашылган. 

 

Кайруулучу тараптын пикири боюнча, талашка түшкөн Мыйзам тарабынан киргизилген өзгөртүү кылмыш дефинициясы, өз пикирин билдирүү жана маалыматты чагылдыруу эркиндигине болгон конституциялык укукту болуп көрбөгөндөй чектөөнүн киргизилишине жол берет. Киргизилген өзгөртүүлөр көз карандысыздыкты коргоо жана үчүнчү адамдардын кадыр-баркын жазык-укуктук коргоо максатында киргизилген сот адилеттигинин толуктугу максатын алмаштырат, ошондой эле массалык маалымат каражаттарына карата басмырлоо катары колдонулушу мүмкүн. Андан сырткары, арыз ээси эсептегендей, кылмыш курамын бөлүштүрүүдө оор, өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы тууралуу атайлап жалган маалыматты бөлүү үчүн негиз жок, анткени жазык тергөөсүн ишке ашырган адам арзыбаган бир ишти ачууда болобу, өтө оор кылмышты ачууда болобу, бирдей аракет кылышы керек. Башкасы бардыгынын сот алдында бирдейлиги тууралуу фундаменталдык конституциялык принцибинин бузулушун билдирмек.

 

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жак катары чакырылган Башкы прокуратуранын жана КР Жогорку сотунун ѳкүлдѳрүн иш боюнча берген түшүндүрмѳлѳрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.

Сот адилеттигин жиберүү учурунда коомдук мамилелердин мааниси аларды жазык-укуктук каражаттар менен коргоо зарылдыгын шарттайт. Буга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинде «Сот адилеттигине каршы кылмыштар».

 

Сот адилеттиги органдарынын алдында кеңири маанисинде бир гана бардык деңгээлдеги соттор эмес, түздөн түз милдети сот адилеттигин жүргүзүүгө таасир тийгизүү болгон мамлекеттик органдар да кирет. Бул таануу, алдын ала тергөө, прокурордук көзөмөл, ошондой эле сот актыларын аткаруучу органдар. Алардын ишмердүүлүгү, сот ишмердүүлүгүндөй эле атайын бир процесстик таризде өтөт, ал эми алардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү соттордун ишмердүүлүгүндө чагылдырылат. Буга байланыштуу, укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жана ченемдүү ишмердүүлүгүнө багытталган коомдук коркунучтуу жосундар дагы сот адилеттигине каршы кылмыш катары таанылат.

 

Бул кылмыштын коркунучтуулугу, анын соттордун жана укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жана ченемдүү ишмердүүлүгүнө кийлигишкенинде, жазык ишин толук жана ар тараптуу иликтөөгө тоскоолдук кылганында. Атайлап жалган маалымат берүүнүн натыйжасында укук коргоо органдары чыныгы кылмышкерди табуу мүмкүндүгүн жоготуп, жалган из менен барышат, ушуну менен алардын ишмердүүлүгүнүн жемиштүүлүгү жана майнаптуулугу азаят.

 

Бул кылмыштын субъективдүү жагы тикелей ниетте жасалгандыгы менен мүнѳздѳлѳт, башкача айтканда адам ал жасаган билдирүү атайылап жалган экендигин түшүнѳт, коомдук коркунучтуу кесепеттердин болушун баамдай алат жана алардын ошондой болушун каалайт. Белгилеп кетчү нерсе, эгерде адам, кайсы бир жасалган кылмыш тууралуу билдирүүдѳ ак ниеттик менен жаңылышып жатса, анда мындай адамдын аракеттерин атайылап жалган билдирүү катары кароого болбойт. Ошондой эле, кайсы бир жасалган кылмыш боюнча күмѳн саноосу бар жана укук коргоо органдарына бул маалыматты текшерүү максатында кайрылган адамдын аракеттеринде дагы атайылап жалган билдирүү жасоо кылмышынын курамы болбойт. Мындай тыянак, кылмыш жѳнүндѳ билдирүү күнѳѳлүү адам үчүн атайылап жалган болушу керек экендигинен келип чыгат, башкача айтканда мындай кылмышты жасаган адам күмѳн санабастан, жасалган кылмыш тууралуу ал жасаган билдирүү жалган экендигине ишенип, шек санабашы керек.

Жазык-процесстик мыйзамга ылайык, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүүнү жасоо, кылмыш ишин козгоого укуктуу болгон органдарга жана алардын кызмат адамдарына атайылап жалган билдирүү келип түшкѳн учурдан тартып жасалды деп эсептелет. Конституция ар кимге эркин ой жүгүртүү жана ѳзүнчѳ пикирге ээ болуу, ѳз пикирин билдирүү, сѳз жана басма сѳз эркиндиги, маалыматты эркин издѳѳ, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндѳ же башка ыкма менен жайылтуу укуктарын кепилдейт.

 

ММКнын коомдогу маанилүү маселелер боюнча коомчулукту маалымдоо социалдык функциясын аткаруу, коомчулуктун айланада болуп жаткан бул же тигил окуялар боюнча ой пикирин, кѳз карашын жана позициясын түзүүдѳ жардам берет.

БУУнун Башкы Ассамблеясыны 1946 жылдагы 59 (I) резолюциясында жана андай кийинки резолюцияларында маалымат эркиндигинин негизни принциби болуп объективдүү фактыларды табуу жана маалыматты эч бир жаман, кара ниетсиз жайылтууга умтулуу эсептелет деп белгиленген.

«ММК жѳнүндѳ» КР мыйзамына ылайык, журналист билдирүүлѳрүнүн тактыгын текшерүүсү керек (20 берене). Бул деген, журналист ал айтып жаткан ар бир сѳзүнѳ, жазган статьясына, теле же радио берүүдѳ айтылган материалга жооптуу дегенди билдирет. Жайылып жаткан маалыматты бардык тараптан текшерүү социалдык жооптуу журналистикага негизделет.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 150-беренесине ылайык массалык маалымат каражаттарында билдирүү жасоо жазык ишин козгоого жүйѳлѳрү эсептелет. Ошол эле учурда кылмыш жасалганын көрсөтүп турган жетиштүү маалыматтардын болушу кылмыш ишин козгоого негиз болуп саналат.

ММКлар тарабынан маалыматты жайылтуу ар кандай формада болушу мүмкүн (статья, очерк, репортаж, интервью, фельетон, документалдык фильм). Буларга мүнѳздүү болуп, андагы маалымат укук коргоо органдарына жана алардын кызмат адамадарына даректелбегени эсептелет, алар соттордун жана укук коргоо органдарынын нормалдуу ишине, сот адилеттүүлүгүнүн кызыкчылыгына зыян алып келбейт, себеби коомчулуктун кѳңүлүн бул же тигил маселелерге бурдурууга багытталган.

Ошентип, кылмыш жасалгандыгы жѳнүндѳ ММКга билдирүү жасоо кылмыш ишин козгоого себеп болуу менен сотко чейинки жана соттук ѳндүрүштүн ишке ашышына кѳмѳктѳшѳт, бирок мындай билдирүүнүн чындыкка жатпагандыгы атайылап жалган билдирүү катары саналышы мүмкүн эмес жана КР КЖКнын 329-беренесинде каралган кылмыш курамын түзбѳйт. КР КЖКнын 329-беренесин Конституциялык палата менен ушул чечимде ачылган маанисинен айырмаланган башкача түшүнүү жана колдонуу ар кимдин өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын бузат.

 

Бул кылмыштын квалификациялык белгиси оор же ѳзгѳчѳ оор кылмыш жасагандыгы тууралуу күнѳѳлѳѳ менен жасалгандык, башкача айтканда КР КЖКнын 12 жана 13-беренелеринде кѳрсѳтүлгѳн кылмыштардын классификациясы, мыйзам жана сот алдында баардыгы бирдей деген фундаменталдык конституциялык принциптин ишке ашышына тоскоолдук түзбѳйт. Сот кылмыш ишин кароодо КР КЖКнын кылмыш жана жазанын ченемдик мүнѳздѳмѳлѳрүн камтыган ушул жана башка жоболорун жетекчиликке алып, аларды ар бир ѳзүнчѳ кылмышка жана айыптууга караштуу конкреттештирүү менен ага берилген дискрециянын алкагында иштин баардык жагдайларын эске алуу менен жасалган кылмышка ѳлчѳмдѳш жаза белгилейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 2-бөлүгүн 1-пунктунда каралган кылмыштын курамында квалификацияланган бардыгынын мыйзам жана соттун алдындагы конституциялык принциптеринин бузулгандыгы тууралуу натыйжалар туура эмес болуп эсептелет.

Андан сырткары, жазык мыйзамынын талашка түшкөн ченеми кылмыш субъектисине карата кандайдыр бир алып коюуну же басмырлоонун белгилерин камтыбайт, жана бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жѳнүндѳ конституциялык принципти бузбайт, ал кылмыш субъектисинин белгилерине тиешелүү болуп калган адамдардын аныкталган чөйрөсүнө карата аракет кылат. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3–бөлүктөрүнө каршы келет деп таанылбайт. Ошондой эле, талашка түшкөн ченем эч качан чыгармачылык эркиндигин бузбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылбайт.

Кыргыз республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 151-беренесине киргизилген жана талашка түшкөн Мыйзамдын 2-беренесинде каралган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр менен шартталган, жана Конституциялык палатанын жогоруда аталган талашка түшкөн Мыйзамынын 1-беренесинин позициясынан алып караганда Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанылбайт.

 

Төрагалык кылган                                                           Мукамбет Шадыканович Касымалиев

Судья-баяндамачы:                                              Айсалкын Омуралиевна Нарынбекова