Меню навигации+

“Атасынын ысымы атасынын аты болот”, “Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жоболордун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Чечимдин толук тексти жарыяланды

2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот Үйбүлө кодексинин (63-берененин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамдын (30-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы) айрым ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгүн угузган.

“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 11-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, бул иш боюнча чечимдин толук тексти Конституциялык соттун расмий сайтында: https://constsot.kg/wp-content/uploads/2023/06 /11-tilek-k.e.-osmonalieva-a.m.-1.pdf  шилтемеси боюнча жарыяланды.

Конституциялык соттун чечимдери жалпы мамлекеттик мааниге ээ жана ошого жараша жоопкерчиликтүү мамилени талап кыларын өзгөчө белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот ар бир адамды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башка интернет-басылмаларды анык объективдүү маалыматты берүүгө жана кабыл алынган чечимдин мазмунун  бурмалоону жана туура эмес чечмелөөнү болтурбоо үчүн аны менен ыкылас коюп таанышууга чакырат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишмердүүлүгү жөнүндө расмий маалыматтын бардык көлөмү www.constsot.kg расмий сайтында, ошондой эле анын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында (Facebook, Instagram, YouTube) жайгаштырылгандыгын жана аларды @constsotkg ник аты менен тапса болоорун маалымдайбыз.