Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2026-жылдын 7-апрелинде Алмазбеков Тилек Алмазбековичтин кайрылуусунун негизинде «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-1-пунктунун Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Ишти кароонун жыйынтыгында Конституциялык сот талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, ошондой эле 51-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.
Бул иште текшерүүнүн предмети болуп жарандыкка кабыл алуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган адам улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген иш-аракеттерди жүзөгө ашырган же чет мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө, укук коргоо органдарында же атайын кызматтарында милдеттүү кызмат өтөгөн учурда анын жарандыгын жоготуу мүмкүнчүлүгүн караган ченем болду.
Чечимди негиздөөдө Конституциялык сот жарандык бул – адам менен мамлекеттин ортосундагы туруктуу укуктук байланыш экендигин, ал эми жарандыктан ажыратууга конституциялык тыюу салуу жарандыкты токтотууну кандай гана аталышта болбосун санкция катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн болтурбайт деп белгиледи. Ошол эле учурда Конституция конституциялык кепилдиктер сакталган шартта жарандыкты жоготуунун негиздерин мыйзамдык жөнгө салууга тоскоолдук кылбайт.
Конституциялык сот улуттук коопсуздукту коргоо конституциялык мааниге ээ максаттардын катарына таандык экендигин белгиледи. Ошону менен бирге талашылып жаткан ченемди колдонууга улуттук коопсуздукка реалдуу коркунуч жөнүндө айгинелеген конкреттүү, объективдүү тастыкталган жана юридикалык жактан текшерилүүчү жагдайлар болгон учурда гана жол берилет.
Конституциялык сот жарандыкты жоготуу жөнүндө чечимдерге карата соттук көзөмөлгө өзгөчө маани берип, мындай көзөмөл алардын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнү камсыз кылууга, ошондой эле жарансыздык абалдын келип чыгуу тобокелдигин эске алууга тийиш экендигин белгиледи.






