Меню навигации+

“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

Конституциялык сот 2023-жылдын 12-июлунда “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде Конституция социалдык мамлекеттин максаттарына ылайык жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде согуштун ардагерлерине пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык коргоо жана колдоо чаралары түрүндө кепилдиктерди берүү менен колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Конституциялык орнотмолордун жана Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун жыйынтыгында  “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган.

Согуштун ардагерлерине, атап айтканда башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучуларына социалдык жактан коргоо Мыйзам менен адамдардын үч тобуна дифференцияланган.

Адамдардын биринчи тобуна аскер кызматчылары, анын ичинде согуштук аракеттерге катышкан аскердик кеңешчилери, аскердик адистер, экинчи топко – Афганистанга катышкан аскерге милдеттүү жана автомобиль батальондору, ал эми үчүнчү топко – Афганистандагы советтик аскер контингентти тейлеген   жана жарадар болгон же согуштук аракеттердеги өзүнүн иши үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар кирет.

Конституциялык сот субъект тарабынан Мыйзамдын талашылып жаткан жоболору жогоруда аталган Макулдашууга “аскердик адистер жана аскердик кеңешчилер” деген туюнтмадан башкасы ылайык келерин белгилеген, Макулдашууда “аскердик адистер жана кеңешчилер” деп  белгиленген жана 2009-жылдагы өзгөртүүлөргө чейин Мыйзамда ушуга окшош туюнтма колдонулган.

Тарыхый контекстте аскердик адистер жана аскердик кеңешчилер аскердик мүмкүнчүлүктөрдү жана натыйжалуулукту жакшыртуу үчүн өздөрүнүн билимин жана тажрыйбасын беришкен, ал эми партиялык кеңешчилер саясий ишмердүүлүккө жана идеологиялык жактан камсыздоого басым жасашкан, бирок Афганистандагы согуштук аракеттерге түздөн-түз катышкан эмес.

Демек, Мыйзамдагы “кеңешчилерди” “аскердик кеңешчилер” менен алмаштырган түзөтүүлөр 1994-жылдын 15-апрелиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө Макулдашуунун 3.1-пунктунун жоболорунун маңызын жана баштапкы маанисин өзгөрткөн эмес.

Арыз ээсинин башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандардын биринчи тобуна киргизилиши жана түзөтүүлөр киргизилгенге чейин Мыйзамга ылайык ага тиешелүү кепилдиктердин жана жеңилдиктердин берилиши АДРнын аймагында согуштук аракеттердин мезгилинде болгон адамдардын укуктук статусун аныктаган мамлекеттер аралык келишимдин жоболорун туура эмес чечмелөөнүн натыйжасы болгон.

Баяндалганды эске алуу менен Конституциялык сот арыз ээсинин анын социалдык кепилдиктерин мыйзамсыз кыскартылгандыгы жана анын конституциялык укуктары бузулгандыгы жөнүндө таануусун жаңылыш деп аныктады.