Меню навигации+

Дуйшеев Карыбек Арстанбекович

Конституциялык соттун төрагасынын орун басары

1961-жылы 4-августта Ош областынын Өзгөн районунун Өзгөн шаарында төрөлгөн.

1983-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин «укук таануу» адистиги боюнча билим алган.

Юридикалык кесипке ээ болгондон кийинки эмгек ишмердиги:

1987-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Философия жана укук таануу институтунун укуктук проблемалар секторунун кенже илимий кызматкери кызматында эмгектенип келген.
1989-1991-жылдары Кыргыз ССРинин Жаратылышты коргоо боюнча мамлекетик комитетинин төрагасынын жардамчысы, алпаруучу специалист-юрист кызматтарында иштеп келген.
1991-1994-жылдары – Кыргызстан Республикасынын юстиция министрлигинде 1-категориядагы адис, министрдин жардамчысы, кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеп келген.
1994-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана кадрлар иштеринин кадрлар секторунун башчысы кызматын ээлеген.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында юридикалык бөлүмдүн сот органдарынын секторунда эксперт кызматында иштеп келген.
1996-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директорунун кызматында эмгектенип келген.
2002-жылдын октябрь айынан тартып 2005-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында юридикалык бөлүмдүн башчысынын орун басары – укуктук реформалар секторунун башчысы кызматында эмгектенип келген.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасынын кеңешчиси кызматында иштеп келген.
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) Аппаратында эксперттик-укуктук бөлүмдүн эксперти, кадрлар секторунун башчысы кызматтарында иштеп келген.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын, прокуратура, финансы полициясынын органдарынын ишмердигин координациялоо боюнча жана сот органдары менен өз ара иштешүү боюнча бөлүмүнүн сот органдары менен өз ара ишштешүү боюнча секторунун башчысы.
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот органдары менен өз ара иштешүү боюнча бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот органдарынын бөлүм башчысы кызматтарында эмгектенип келген.
2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси.
2014-жылдын октябрь айынан тартып 2019-жылдын июнь айына чейин Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) сот реформасы боюнча кеңешчиси.
2019-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.
2019-жылдын 1-июлунда тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы.

Юстициянын 2 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Биринчи квалификациялык класстагы судья
Үй-бүлѳлүү, үч баласы бар.