Меню навигации+

ШАРШЕНАЛИЕВ Жамил Асанбекович

photo025

Конституциялык соттун судьясы
1978-жылдын 1-январында Фрунзе шаарында туулган.
2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.Юридикалык кесипке ээ болгондон кийинки эмгек ишмердиги:
2000-2002-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасында стажер, прокурордун жардамчысы.
2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык сотунун аппаратынын мыйзамдарды систематизациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2004-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, Мыйзамдар менен иштөө жана соттук тажрыйбаны жалпылоо башкармалыгынын башчысы, Судьялардын ишмердүүлүгүн камсыздоо башкармалыгынын башчысы, соттук коллегиянын ишин камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы.
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура менен иштөө боюнча башкармалыгынын башчысы, апостилдештирүү боюнча бөлүмүнүн башчысы.
2010-жылдын майынан тартып 2010-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Мамлекеттик айыптоо жана прокурорлордун сотто катышуу башкармалыгынын башчысынын орун басары.
2010-жылдын сентябрынан тартып 2015-жылдын октябрына чейин Чүй областынын Аламүдүн райондук сотунун судьясы кызматын ээлеген.
2016-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын административдик жана каржы укук кафедрасынын доценти.
Доцент, юридикалык илимдеринин кандидаты, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси.
Биринчи квалификациялык класстагы судьяҮй-бүлѳлүү, төрт баласы бар.