Меню навигации+

Вакансиялар

 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

10-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары – кадрлар резерви) – административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу.

2. Кадрлар резерви ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз алдынча түзүлөт.

3. Кадрлар резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат.

Кадрлар резервине төмөнкүлөр кирет:

1) бул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар;

2) органды кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узак мөөнөттүү эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар;

3) ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары.

4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурсту өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.

16-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

  1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
  2. Ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротация иретинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.
  3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кадрлар резервинде турган адамды же мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда бош кызмат ордуна ротация тартибинде дайындоого укуктуу.

Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс (мындан ары – конкурс) тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.

Конкурс өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:

– конкурска катышуучулардын документтерин мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келишин кароо;

– талапкерлерди мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда компьютердик тестирлөө;

– аңгемелешүү.

Ачык конкурстук тандоодон өткөн адамдар жана органдын кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар үчүн кадрлар резервинде туруу мөөнөтү кадрлар резервине киргизилген күндөн тартып 3 жылды түзөт.


 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты мамлекеттик жарандык кызматтын улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт
 
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) КР жараны болуусу;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү.
 
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
 
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
 
Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
 

Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:

• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүү.
• Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл программалык продуктуларды (Word, Excel, «ТОКТОМ МамлекетПро»маалымат-укуктук системасы) билүүсү.

 


Укуктук жана аналитикалык камсыздоо жаатында
 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:

1) Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

2) Кесиптик билиминин деңгээли:
– юриспруденция, эл аралык мамилелер же эл аралык укук жагындагы жогорку кесиптик билими;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын болушу. Бул сертификат жок болгон учурда талапкер белгиленген тартипте дайындалгандан кийин үч айдын ичинде тиешелүү тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.
3) Билүү:
– «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
– «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– компьютердик сабаттуулугу.


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн кесиптик компетенциялар:

Билгичтиги:
– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу;
– ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө;
– соттук же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продукттарды билүү.


 
Персоналды башкаруу чөйрөсүндө
 


Кадрдык иштери чөйрөсүндөгү административдик кызмат орундарынын кенже топтор үчүн квалификациялык талаптар:
 
1) Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талап коюлбайт.
2) Кесиптик билиминин деңгээли:
– Адам ресурстарын башкаруу, юриспруденция, мамлекетик жана муниципалдык башкаруу багытындагы жогорку кесиптик билими;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаттын болушу. Бул сертификат жок болгон учурда талапкер белгиленген тартипте дайындалгандан кийин үч айдын ичинде тиешелүү тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.

3) Билүү:
– «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
– компьютердик сабаттуулугу.

 


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобу үчүн кесиптик компетенциялар:
 

Билгичтиги:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– командада иштөө.


Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продукттарды билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:

– өздүк арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү, резюме, автобиографиясы (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы же инсандыгын ырастаган документ сынакка документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
– зарыл кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуу даражасын жана окумуштуу наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);
– сунуштама каттары (эгер болсо);
– толук маалымат КР Конституциялык сотунун сайтында жайгаштырылган.
 

Көктөмөгө тиркелген документтер 2024-жылдын 7-октябрынан тартып 17-октябрына чейин (17-октябрын кошуу менен) Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 39 дареги боюнча тапшырылышы керек.
№ 20 кабинет, телефон: 66-05-47; 62-20-71.