Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун
Конституциялык палатасынын Төрагасы Э.Т. Мамыровдун «Конституциялык палата Кыргыз Республикасында пайдубал укуктардын коргоочусу» деген темадагы Туркия Конституциялык сотунун 55 жылдыгына арналган эл аралык конференциясындагы баяндамасы
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Урматтуу Зухту Арслан,
Биринчиден,конференциянын бардык катышуучулары менен саламдашууга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын атынан Туркия Республикасынын Конституциялык сотун 55 жылдык мааракеси менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер. Уюштуруучуларга, катышууга берилген чакыруу үчүн жана конституциялык контролдоо органдары арасында тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү ой ордо болгон салабаттуу иш-чарада сөз бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Албетте, конференциянын тематикасы абдан актуалдуу, анткени конституциялык мыйзамдуулукту камсыздоо адамдын укуктары жана эркиндиктери таанылган жана кепилденген ар бир демократиялык укуктук мамлекеттин жашоосу жана өнүгүүсүнүн маанилүү шарты болуп саналат.
Тарых көрсөткөндөй, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, аларды камсыздоо жана коргоо боюнчатак укуктук механизми жок декларациялоонун өзү гана бул укуктардын жана эркиндиктердин жүзөгө ашырылуусуна мүмкүнчүлүк бербейт.
Адамдын жана жарандын укуктарын коргоонун толук кандуу ишчил тутумун түзүү жана бекемдөө зарылдыгын тааныган Кыргыз Республикасы да өзгөчөлөнгөн жок.
Конституциялык палата конституциялык сот адилетттүлүгүн жүзөгө
ашыруу аркылуу адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин
коргоону камсыздоочу институттардын бири.
Конституциялык палата адамдын укуктарын жана эркиндиктерин
коргоону ченем контролдоо аркылуу ишке ашырат. Биз талашылып жаткан
ченемдин жогорку юридикалык күчкө ээ болгон укуктук актыга –
Конституцияга ылайыктуулугун баалайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге анын
Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери бузулуп жатат деп
эсептесе мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын
конституциялуулугун талашуу укугун берген. Ошону менен бирге,
Конституция бул аракетти кайрылуу субъектинин укуктарынын жана
эркиндиктеринин тике бузулуусу менен байланыштырбайт. Конституциялык
контролдоонун абстракттуу деп аталган мындай түрү мыйзам чыгаруучу
орган тарабынан ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу процессинде
Конституция жана анын адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жөнгө
салуучу жоболорун сактоону көздөйт.
Контролдоонун абстракттуу түрү өлкө жарандарынын көбүнө
конституциялык сот адилеттүүлүгү аркылуу өзүлѳрүнүн укуктарын коргоо
мүмкүндүгүн бергени талашсыз. Конституциялык палатага келип түшкөн
кайрылуулардын анализи талашылып жаткан актылардын
укуктарынатикелей тиешеси жок жарандардын кайрылууларынын саны,
Конституциялык палатага келип түшкөн бардык кайрылуулардын жарымын
түзөрүн көрсөтүүдө.
Конституциялык палатанын чечимдеринин сереби, ал түзүлгөндөн
тарта каралган иштердин көпчүлүгү адамдын негизги укуктары менен
эркиндиктерин коргоого байланыштуу экендигин күбөлөндүрүүдө.
Маселен, дин тутуу жана дин эркиндиги укугун коргоого багытталган чечимдер бар. Конституциялык палата бул маселе боюнча өзүнүн укуктук кѳз карашын билдирген жана ар ким эркин ойлонууга, абийир жана дин тутуу эркиндигине укуктуу, ал эми белгилүү бир динди туткан адам же адамдардын тобу башка диндин өкүлдөрүнө салыштырмалуу артыкчылыктуу абалда болбошу керек деп көрсөткөн.
Өз пикирин эркин билдирүү укугун, сөз жана басма сөз эркиндигин коргоп жатып, Конституциялык палата өз пикирин эркин билдирүү укугун, сөз жана басма сөз эркиндигин Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекет тарабынан куугунтукка алынуудан коркпостон эркин ойлонууга жана сөз менен ѳзүнүн оюн эркин билдирүүгө болгон бүтүн жана ажыратылгыс укук катары карайт деп баса белгилеген. Ошону менен бирге, мындай укук жоопкерчилик менен жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген башка адамдардын укуктары жана эркиндиктерин бузбай турган деңгээлде жүзөгө ашырылуусу керек деп белгилеген.
Биригүү эркиндигине болгон укук боюнча Конституциялык палата бирикме мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз бирикменин мүчөсү болууга укукту өзүнө камтыйт деп көрсөткөн.
Биригүүгө болгон укуктун өзгөчөлүгү өзүнө жарандардын биригүүгө болгон толук эркин билдирүүсүн гана камтыбастан, максаттарды жана милдеттерди аныктоо маселесинде, аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууда өз алдынчалуулук сыяктуу ажыратылгыс курамдарды жана өз алдынчалуулукка негизделген башка көптөгөн белгилерди өзүнө камтыйт.
Соттук коргонууга болгон укуктун айрым аспектилери боюнча Конституциялык палата өзүнүн кѳз карашын бир нече ирет баяндаган. Маселен, анын чечимдеринин биринде адамга карата жазык иши козголгон учурда, ал жазык ишти козгоо жөнүндө тергөөчүнүн токтомуна соттук
даттанууга укугу бар деп көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге, сот, биринчи кезекте, тергөөчү тарабынан бул чечимди чыгаруунун тартибинин сакталышын, жазык ишин козгоого себептердин болушун, иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлардын жоктугун аныкташы керек.
Конституциялык палата тарабынан мыйзамдын ченеми конституциялуу эмес деп тааныган учурда алардын жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузуучу аракеттери токтотуларына сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет.
Конституциянын үстөмдүгүн, өлкөнүн аймагында анын тикелей иштешин камсыз кылуу, көбүнесе Конституциялык палатанын чечимдерин, өзгөчө укуктук жөнгө салууда укуктук кенемтелердин болушун көрсөткөн чечимдердин аткаруу сапатына көз каранды болорун биз түшүнөбүз. Биринчи кезекте, Конституциялык палатанын чечимдеринде келтирилген укуктук позицияларынын мыйзам чыгаруучу жана укук колдонуучу тарабынан эске алынышы оң багыттагы тенденция болуп саналат. Бул өз кезегинде өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулуктун абалына жана Конституция менен кепилденген укуктар жана эркиндиктерди камсыздоого оң таасирин тийгизүүдө.
Сөзүмдүн аягында, жарандардын негизги укуктарын коргоо жана сактоо мамлекеттин эң маанилүү функцияларынын жана милдеттеринин бири болуп эсептелет, жана анда Конституциялык палата маанилүү ролго ээ болуп турганын дагы бир жолу белгилеп кетким келет.
Көңүл бурганыңыздарга рахмат.