Меню навигации+

ЖУМАБАЕВ Латип Пазылович

oskonbaev

Конституциялык соттун судьясы

1956-жылы 10-июнунда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Кароол айылында туулган
1985-жылы «укук таануу» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Юридикалык кесипке ээ болгондон кийинки эмгек ишмердиги:

1985-жылдан тартып 1991-жылды кошкондо Ош областынын Жаңы-Жол районунун прокуратурасында стажер, тергөөчү, прокурордун жардамчысы болуп иштеген.
1991-жылдан тартып 1994-жылды кошкондо Ош областынын прокуратурасынын ага тергөөчүсү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү.
1994-1995-жылдары Чүй областынын Ысык-Ата районунун прокурору.
1995-1996-жылдары Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун прокурору кызмат ордун аркалаган.
1996-жылдан тартып 1999-жылды кошкондо Чүй областынын Аламүдүн районунун прокурору.
1999-2000-жылдары Чүй областынын прокуратура, ички иштер жана салык полициясы органдарында жазык иштердин тергелишине көзөмөл жүргүзүү боюнча бөлүмдүн ага прокурору болуп иштеген.
2000-жылдан тартып 2002-жылды кошкондо Ош областынын прокуратурасынын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучусу кызмат ордунда иштеген.
2002-жылдын январь айынан тартып сентябрь айын кошкондо Ноокат районунун прокурорунун орун басары болгон.
2002-2003-жылдары Араван районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.
2003-2007-жылдары Баткен областынын прокурору кызмат ордун аркалап келген.
2007-жылдын апрель айынан тартып сентябрь айын кошкондо Чүй областынын прокурорунун орун басары болгон.
2007-2008-жылдары – Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеген.
2008-2009-жылдары – Ош областынын Кара-Суу районунун прокурорунун милдетин аткаруучусу, прокурору кызмат ордуларында аркалап келген.
2009-2010-жылдары – Ош шаарынын прокуратурасынын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыктын ага прокурору.
2010-жылдын март айынан тартып апрель айын кошкондо – Башкы прокуратуранын прокурорлордун сотко катышуусун камсыз кылуу боюнча башкармалыктын прокурору.
2010-2011-жылдары Ош шаарынын прокурору болуп иштеген.
2011-2017-жылдары Баткен областынын прокурору, прокурорунун милдетин аткаруучусу кызмат ордун аркалап келген.
2019-2020-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү.
2020-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын судьясы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 1998-жылы Чүй областык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Биринчи квалификациялык класстагы судья