Меню навигации+

«Конституциялык соттордун жана ага шайкеш органдардын чечимдеринин аткарылышы: теория жана практика» эл аралык онлайн семинар болуп өттү

25.06.2021

 




 




Бүгүн, 25-июнда, конституциялык соттордун жана ага шайкеш келген органдардын чечимдеринин аткарылышы маселелерине арналган эл аралык онлайн семинар болуп өттү.

 

Иш-чара Укук аркылуу демократияга Европа Комиссиясы жана Казахстан Республикасынын Конституциялык Кеңеши тарабынан 2020-2023-жылдарга карата Борбордук Азияда укук үстөмдүгү Программасынын алкагында уюштурулган.

 

Куттуктоо сөздөрүн Венециялык комиссиянын төрагасы Джанни Букиккио жана Казахстан Республикасынын Конституциялык Кеңешинин төрагасы Кайрат Мами айтышты.Андан ары Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын, Казахстандын, Өзбекистандын жана Таджикистандын конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын судьялары өздөрүнүн өлкөлөрүндөгү конституциялык контролдоо органдарынын чечимдерин аткаруунун мыйзам чыгаруу механизмдери жана иш жүзүндө алардын аткарылуусу жөнүндө баяндап беришти. Чакырылган баяндамачылар катары Болгария Республикасынын жана Чехия Республикасынын конституциялык сотторунун судьялары, ошондой эле конституциялык соттордун экс-төрагалары Молдова Республикасынан Александру Тэнасе жана Грузиядан Георгий Папуашвили сүйлөштү.

 

Бул семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан судья М.Р. Бобукеева жана чечимдердин аткарылуусунун анализи жана мыйзамдарды систематизациялоо бөлүмүнүн башчысы З.Т. Эсеналиева катышышты.Өз кезегинде, судья М.Р. Бобукеева «Кыргыз Республикасында конституциялык реформанын жүрүшүндө конституциялык контролдоо органдарынын чечимдеринин аткарылышы» темасында баяндама жасады жана Кыргызстандагы конституциялык реформа конституциялык контролдоо органынын статусуна оң таасирин тийгизгендигинин айрым маселелерине токтолду.

 

Ал өз докладында сот чечимдеринин натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кененирээк айтып берди.

 

Андан ары, иш-чаранын катышуучулары конституциялык контролдоо органдарынын жана ага  органдардын чечимдеринин иш жүзүндө аткарылуусунун айрым көйгөйлүү маселелерин талкуулашты. Жалпысынан, катышуучулар ушул талкуу аянтчасынын уюштурулушу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөгө жардам берди жана пикир, тажрыйба алмашуу аркылуу конституциялык контролдоо органдарынын чечимдеринин аткарылышын жакшыртууга багытталды деген ойлору бир жерден чыкты.