Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнүн алдында Конституциялык сотто бир катар Ачык эшиктер күндөрү өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жыл сайын 5-майда белгиленүүчү Конституция күнү алдында жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн Ачык эшиктер күндөрү салттуу түрдө өткөрүлөт.
Бүгүн бекитилген графикке ылайык Конституциялык сотко К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын студенттери келишти.
Коноктор үчүн соттун имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Студенттер сот жыйындары өтүүчү залды, кеңешме бөлмөлөрүн, ошондой эле Конституциялык соттун китепканасын көрүп чыгышып, конституциялык укук боюнча адистештирилген адабияттар жана материалдар менен таанышышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө аппарат кызматкерлери Конституциялык соттун түзүмү жана ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришип, анын жалпы юрисдикциядагы соттордон негизги айырмачылыктарын, ошондой эле конституциялык контролду жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Кыдырбаев Кырккелди Жумалиевич жолугушуу өткөрдү. Ачык форматтагы маектешүүнүн жүрүшүндө судья өзүнүн кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, өмүр жолунун негизги этаптары жана кесипке калыптанышы тууралуу айтып берди.
Маектешүүдө жогорку квалификациялуу юрист жана коомго кызмат кылган жоопкерчиликтүү жаран болуу үчүн зарыл болгон жеке жана кесиптик сапаттарга өзгөчө көңүл бурулду.Мындай иш-чаралар жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга, конституциялык укукка болгон туруктуу кызыгуусун калыптандырууга жана сот системасы менен академиялык коомчулуктун өз ара байланышын чыңдоого багытталган.







