Конституциялык сот транспорт каражаттарын тонировкалоо боюнча жыйымды төлөө тартибинин айрым жобосунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясы транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин тонировкалоо үчүн жыйымды төлөө жана каттоо тартибинин 4-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.
Арыз ээлеринин пикири боюнча, транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин тонировкалоого уруксат алуу үчүн электромобилдердин ээлери үчүн жыйымдын төмөндөтүлгөн өлчөмүн караган талашылып жаткан жобо мыйзам алдында теңдик жана басмырлоого жол берилбестиги жөнүндө конституциялык принциптерге ылайык келбейт. Алардын айтымында, мындай уруксатты алуу үчүн кайрылган транспорт каражаттарынын бардык ээлери транспорт каражатынын түрүнө карабастан бирдей укуктук абалда болушат.
Аныктама менен шилтеме аркылуу таанышууга болот:https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/06/oks-o-prinyatii-k-proizvodstvu-obrashheniya-almazbekova-i-malajbekova-ot-10.06.26.pdf






