Меню навигации+

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө

11.09.2026

11-сентябрда Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган башкы майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э. Осконбаев катышууда.

 

Акыркы жылдары Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги майрамдык иш-чаралар жана расмий салтанаттар кезек-кезеги менен  өлкөнүн ар кайсы облустарында өткөрүлүп келет. 2025-жылы мындай иш-чара Жалал-Абад облусунда өткөн. Ал эми быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы  Талас облусунда белгиленүүдө.

 

Талас шаарынын борбордук аянтында  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун салтанаттуу көтөрүү аземи – башкы  иш-чаралардын бири болду. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Аземдин жүрүшүндө Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктады.

 

Юбилейлик датага арналган, майрамдык иш-чаралардын алкагында, жаңыланган  «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексинин ачылыш аземи болуп өттү.

 

Ошондой эле юбилейлик датага  карата Талас облусунда жаңы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин ачылыш аземи болуп, ишке киргизилди. Мындан тышкары маданий жана коомдук иш-чаралар өтүүдө.