Меню навигации+

Судьялардын Европа Кеңешинин өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусу

01.07.2015

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Муканбет Касымалиев жана судьялар Курмантай Абдиев менен Жедигер Саалаевдин Борбордук Азия боюнча Европа Кеңешинин Атайын өкүлү Петер Буриан, Кыргыз Республикасындагы Европа Кеңешинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре де Монтис, Кыргыз Республикасындагы Европа Кеңешинин өкүлчүлүгүнүн саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Огнян Чампоев менен жолугушуусу ѳттү.

 

Төрага, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн ишмердүүлүгүн Европа кеңеши тарабынан каржыланып, Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясы жана БУУѲПтун тарабынан ишке ашырылып жаткан эки долбоордун колдоосунун аркасында алып барып жаткандыгын белгилеп өттү. 1. Конституциялык сот адилеттик тутумунун сапатын жана майнаптуулугун жакшыртууда Кыргызстандын колдоосу. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү. Долбоордун максаты болуп саналат: Кыргызстандын элине Кыргыз Республикасындагы укуктук үстѳмдүгүн жана туруктуулугун бекемдөөгө жардам берүү, Конституциялык палатанын институционалдык, укуктук, техникалык жана каржылай колдоосу аркылуу конституциялык тең салмакты жана Конституция тарабынан кепилденген укук жана эркиндикти коргоо тутумун түзүүгө көмөк көргөзүү. Жогоруда аталган долбоорлордун аркасы менен судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин чет элдик сапарлары уюштурулду, ошондой эле башка өлкөлөрдүн Конституциялык соттору менен меморандумдарга кол коюлду. Конституциялык сот адилеттиги тармагында бир катар конференциялар, семинарлар, тренингдер өткөрүлдү.

 

Өз кезегинде Атайын өкүл бул долбоорлордун бардыгы сот тутумунун туруктуулугуна жана көз карандысыздыгына, негизинен, Конституциялык палатанын ишин бекемдөөгө жана колдоого багытталганын белгилеп кетти. Ошондой эле Европа Кеңеши мындан ары дагы Кыргыз Республикасындагы сот тутумун колдоого жана алар менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Болочоктогу долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылык багыты болуп, тажрыйба жана билимдерди алмашуу, эксперттик пикирлерди алмашуу болуп саналат.

 

Учурдан пайдаланып, Конституциялык палатанын төрагасы Европа Кеңешин жана анын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүн колдоосу жана кызматташуусу үчүн, Конституциялык палатанын бекемделишине жана өнүгүшүнө берген жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип кетти.