Меню навигации+

Кыргызстандын соттук органдарынын пресс кызматынын өкүлдөрү жана журналисттери Германиянын жогорку соттук органдарынын тажрыйбасы менен таанышты

10.07.2017

Конституциялык палатанын пресс-катчысы Назгуль Нурбекова жана Жогорку соттун, Нарын жана Джалал-Абад областтык соттордун пресс-кызматтарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын маалыматтар каражаттарынын бир катар журналисттери учурдагы жылдын 2-июлунан 7-июлуна чейин таанышуу иш-сапары менен Германия Федеративдик Республикасында болушту.

 

Бул иш-чараны Европа союзу каржылаган жана Эл аралык кызматташтык Германия коому (GIZ) жүзөгө ашырган «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору уюштурган.

 

Катышуучулар иш-чаранын алкагында «Германиянын укук резиденциясы» деп саналган Карлсруэ шаарындагы Федералдык Конституциялык сот, Федералдык Жогорку сот, Федералдык башкы прокуратура, Баден-Вюртемберг жергесинин Жогорку жер соту жана Жер соту сыяктуу органдардын маалыматтар каражаттары менен өз ара иштешүү тажрыйбасы менен таанышып келишти.

 

Ошентип, немис кесиптештер мамлекеттин соттук тутуму, ролу жана функциялары, соттун ишмерлигин жарыялоонун өзгөчөлүктөрү жана журналисттер менен иштешүүнүн негизги формалары тууралуу айтып беришти. Белгилеп кетүүчү жагдай, Германиянын жалпы юрисдикция сотторунда маалыматтар каражаттары менен иштешүү милдети ушул соттордун судьялардын бирине жүктөлгөн экен, акыркы мезгилде соттордо өз алдынча пресс-кызматтарын түзүү маселеси талкууланууда.

 

Германияда соттордун ишмерлигин жигердүү жарыкка чыгарып турган журналисттердин тобу иштеп турганын да белгилеп кетүү керек. Укуктук маселелерде адистешкен журналисттер жогорку соттук органдар жана бири бири менен тыгыз кызматташат, зарыл болгон учурда «Justizpressekonferenz» деген иш-чараны уюштурушат (Федералдык Конституциялык соттун, Федералдык Жогорку соттун, Башкы прокуратурасынын ишмерлигин жарыкка чыгарып турган көз карандысыз журналисттердин демилгеси менен өз алдынча өтүүчү иш-чара).

 

Таанышуу иш-сапары мезгилинде катышуучулар ZDF (Zweites Deutsches Fernsehen) – Германиядагы ири телекөрсөтүүлөрдүн бирине барып келишти, ал жерден соттук органдардын пресс-кызматтары менен журналисттердин жумушу жана Германиядагы соттук процесстерди көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

 

Иш-сапарынын программасы алкагында орчундуу иш-чаралардын бири болуп Франциянын Страсбург шаарындагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна жана Европа парламентине барып келүү болду, ал жерден Кыргызстандын делегациясы Европарламенттин депутаттарынын ишин көрүп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

 

«Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас белгилегендей, Германияга болгон бул иш-сапар 2015-жылы Германиянын жалпы юрисдикциянын төмөн турган сотторунун пресс-кызматтарынын ишмерлиги менен таанышуу максатында долбоор тарабынан уюштурулган окутуу иш-сапарынын уландысы болуп саналат.