Меню навигации+

Бишкек жана Чүй областынын судьяларына Конституциялык палатанын чечимдеринин укуктук табияты тууралуу айтып беришти

14.12.2017




























Бүгүн «Хаятт» мейманканасында Бишкек жана Чүй областынын судьялары үчүн «Конституциялык палатанын чечими укук булагы катары» темасында маалыматтык семинар болуп өттү. Семинарды Конституциялык палата «Адилет» Укуктук клиникасы» коомдук фонду менен бирге уюштурган.

 

Бул семинар Конституциялык палатанын чечимдеринин ченемдүүлүгү, милдеттүүлүгү жана акыркы болуп саналары тууралуу түшүндүрмө берүү максатында жергиликтүү соттордун судьялары үчүн уюштурулган. Конституциялык палатанын судьялары сот тутумунда Конституциялык палатанын орду жана ролу, анын актыларынын түрлөрү тууралуу, конкреттүү ишти чечүүдө мыйзамдын же ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугунда күмөндүүлүк болгондо анын конституциялуулугу тууралуу суроо-талап менен Конституциялык палатага кайрылуу, анын ичинде Конституциялык палатанын чечимдериндеги укуктук көз караштар тууралуу жана аларды жалпы юрисдикция сотторунда колдонулушу тууралуу катышуучуларга айтып беришкен.

 

Эскерте кетсек, учурдагы жылдын июнь айында Бишкек шаарында ушул эле темада илимий-практикалык конференция өткөн, катышуучулар анын жыйынтыгы боюнча Конституциялык палатанын чечимдери өзүнүн юридикалык белгилери боюнча укук булагы болуп саналат жана мамлекеттин укуктук тутумунун түзүлүшүнө таасирлүү болууда деп белгилешти.