Меню навигации+

Эл аралык байланыштар жана уюштурууну камсыздоо бөлүмү

Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары

Бөлүмдүн милдети Конституциялык соттун эл аралык байланшытарын уюштуруу жагынан ишмерлигин камсыздоо болуп саналат.

Коюлган милдетке жетишүү үчүн бөлүм кийинкидей функцияларды аткарат:
– чет өлкө мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдары, эл аралык уюмдары менен иштешүүнү, Конституциялык сотто чет өлкө делегацияларын, мамлекеттик жана саясий ишмерлерди, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алууну, Конституциялык соттун судьяларынын жана делегацияларынын чет өлкө иш-сапарларын даярдоону, протоколдук маселелерди чечүүнү камсыз кылат;
– конституциялык контролдоо органдарынын чет өлкө тажрыйбасын изилдейт, жалпылаштырат жана Конституциялык соттун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин суроо-талабына ылайык анын которулушун камсыз кылат;
– Адам укуктары боюнча Европа сотунун (АУЕС) чечимдери, Венеция комиссиясынын сунуштамалары, ошондой эле башка конституциялык сотторунун ишмерлиги жөнүндө мезгилдүү маалымадоону камсыз кылат;
– Конституциялык соттун чечимдерин англис тилине которулушун жана Венеция комиссиясынын Бюллетенинде жана CODICES маалыматтардын электрондук базасында жайгаштыруу үчүн алардын жөнөнтүлүшүн камсыз кылат;
– Төраганын тапшырмасы боюнча жалпы юрисдикция сотторунда Конституциялык соттун кызыкчылыктарын көздөйт;
– Конституциялык соттун аппарат жетекчисинин тапыщрмасы боюнча конституциялык сот өндүрүшүнө байланышпаган маселелер боюнча келүүчүлөрдү кабыл алат;
– Конституциялык соттун тиешелүү жылга карата иш планынын долбооруна киргизүү үчүн сектордун ишмерлиги боюнча сунуштарды киргизет;
– Конституциялык соттун төрагасынын, анын орунбасарынын жана судьяларынын, ошондой эле аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткарат.