Меню навигации+

Каржы-чарба бөлүмү

Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары

 

Коюлган милдетке жетишүү үчүн бөлүм кийинкидей функцияларды аткарат:
– Конституциялык палатанын ишмерлигин каржылоо, Конституциялык соттун чыгымдар сметасын аткаруу боюнча бюджеттик сунушту түзүү, каржы отчетун белгиленген тартипте түзүү жана тапшыруу үчүн зарыл материалдарды даярдайт;
– Конституциялык соттун бухгалтердик эсебин, мүлкүн, каражатын жана товардык-материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзөт, Конституциялык соттун банк операцияларын, каражаттардын жана товардык-материалдык баалуулуктардын жүгүртүлүшүнө байланыштуу операцияларды жасайт;
– Конституциялык соттун судьяларын жана Аппарат кызматкерлеринин ишмерлигин материалдык-техникалык, акча-каржы, чарба-тиричилик жактан камсыздалышын жүзөгө ашырат;
– Конституциялык соттун тиешелүү жылга карата иш планынын долбооруна киргизүү үчүн сектордун ишмерлиги боюнча сунуштарды киргизет;
– Конституциялык соттун төрагасынын, анын орунбасарынын жана судьяларынын, ошондой эле аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткарат.


БОКОЕВА Айзада Макеновна

DSC_0065 3

Бөлүм башчысы

1967-жылдын 30-сентябрында Талас облустунун Талас районунун Кок-Ой айылында төрөлгөн.

1993-жылы «Өнөр жайдагы бухгалтердик эсеп жана чарба ишин анализдөө» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.


ЭМГЕК ЖОЛУ:

[1987-2000] «Кыргызавтомаш» АК-дун бухгалтердик эсеп башкармалыгынын бухгалтери, жетектөөчү аудитору, мүлктү эсептөө бюросунун башчысы, каржы жана салыктык эсеп бюросунун башчысы;

[2000-2001] Кыргыз Республикасынын Сот деапртаментинин бухгалтердик эсеп жана отчеттор бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

[2001-2005] Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруусунун пландоо, каржылоо жана эсеп борборунун референти;

[2005-2010] Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы;

[2010-2013] Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруусунун департаментинин бухгалтердик эсеп жана отчеттор бөлүмүнүн референти;

[2013-2017] Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы;

[2017-2022] Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун каржы-чарба секторунун башчысы;

[04.2022] Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы;


Байланыш телефон: (0 312) 62-20-63

E-mail: a.bokoeva@constsot.kg