Меню навигации+

Эксперттик-аналитикалык башкармалык

Башкармалыктын милдеттери жана функциялары

Башкармалыктын милдети болуп Конституциялык соттун илимий-аналитикалык ишмерлигин камсыздоо саналат.
Коюлган милдетке жетишүү үчүн бөлүм кийинкидей функцияларды аткарат:
– конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун укуктук жана илимий экспертизасын жүргүзөт;
– илимий-аналитикалык каттарды, анын ичинде чет ѳлкѳлүк конституциялык контролдоо органдарынын, эл аралык соттордун чечимдерин, соттук тажрыйбаны анализдѳѳ жана илимий доктриналарды көрсөтүү менен даярдайт;
– Конституциялык соттун актыларынын долбоорлорун даярдоодо көмөктөшөт;
– судья-баяндамачы бекитүү үчүн өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну кароо планынын долбоорун даярдайт;
– Конституциялык палатанын дарегине келип түшкөн кайрылууларды, алар Конституциялык палатанын судьяларынын изилдөөсүн талап кылган маселелерди камтыбаган учурда алдын ала тартипте карап чыгат;
– Конституциялык соттун төрагасын, анын орун басарын жана судьяларды конституциялык мыйзамдардын өнүгүү маселелери боюнча аналитикалык материалдар менен камсыздайт;
– Конституциялык соттун ишмерлигин юридикалык жактан коштоону жүзөгө ашырат;
– Төраганын жана Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча Конституциялык сотунун кызыкчылыктарын жалпы юрисдикция сотторунда көздөйт;
– Конституциялык соттун жылдык докладынын долбоорун даярдайт;
– Тѳраганын, анын орун басарынын, судьялардын, Аппарат жетекчисинин, башка түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн сунуштарын эске алуу менен Конституциялык сотуна тиешелүү жылга карата иш планынын долбоорун иштеп чыгат;
– илимий-аналитикалык каттарды жана Конституциялык соттун актыларынын долбоорлорун даярдоо боюнча башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине устаттыкты уюштурууну камсыз кылат;
– илимий-аналитикалык каттарды жазууда пайдаланылуучу аналитикалык жана илимий материалдар сактала турган атайын базаны түзөт;
– Конституциялык соттун Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча конституциялык сот өндүрүшүнө байланышпаган маселелер боюнча келүүчүлөрдү кабыл алат;
– Конституциялык соттун төрагасынын жана анын орун басарынын, судьяларынын, ошондой эле Аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткарат.


АЛЫБАЕВ Кубанычбек Дайырбекович

alybaev

Башкармалыктын начальниги
1985-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында туулган.
2008-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин «Юриспруденция» кесиби боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ:
[03.2009-06.2009] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун башкы адисинин милдетин аткаруучу;
[06.2009-08.2009] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун адиси;
[08.2009-2010] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун жетектөөчү адиси;
[08.2010-05.2011] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун башкы адиси;
[05.2011-08.2013] Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкы башкармалыгынын башкы адиси;
[08.2013-06.2017] Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын улук консультанты;
[06.2017-04.2022] Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы.
[04.2022] Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын эксперттик – аналитикалык башкармалыгынын начальниги.

Байланыш телефон: (0 312) 62-15-24
E-mail: k.alybaev@constsot.kg