Меню навигации+

КИРГИЗБАЕВ Куанбек Манаевич

DSC_0509

 Конституциялык палатанын судьясы

1949-жылдын 10-ноябрында Чуй облусунун Кемин районунда төрөлгөн.

Билими жогорку, 1977-жылы Кыргыз Мамлектеттик Университетинин юридикалык факультетин аяктаган, адистиги «укук таануу».

Өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн 1971-жылы Кыргыз ССРнин Айыл-чарба министрлигинин Ильич атындагы совхозунун Башкы башкармалыгында шопур болуп баштаган, 1972-жылга чейин Чуй облусунун Кемин районунун Ильич атындагы совхозунда киномеханиктин жардамчысы, Ат-Башылык геологиялык партиянын буровой мастердин жардамчысы болуп эмгектенген.

1972-1977-жылдары Кыргыз Мамлектеттик Университетинин студенти.

Университетти аяктагандан кийин, адистиги боюнча эмгек ишмердилүүгүн баштаган. 1972-жылдан 1977-жылга чейин Араван айыл-чарба башкармалыгында ага юристконсультант болуп эмгектенген.

1978-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин Ош областык адвокаттар коллегиясында адвокат болгон.

1978-1979-жылдары Жалал-Абад областынын Көкжаңгак шаарынын юридикалык консультациясында бөлүм башчы.

1979-1982-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин консультанты, ага редактору, ага консультанты.

Андан кийин, 1982-жылы Бишкек шаардык ИИБнин ага тергөөчүсу болуп дайындалган.

1990-жылы Чуй облусунун Калинин райондук сотунун судьясынын кызматына шайланган.

1990-1991-жылдары Чуй облусунун Калинин райондук сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгекетенген.

1991-1994-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы.

1994-1996-жылдары Бишкек шаардык соттун судьясы.

1996-2000-жылдары Бишкек шаарынын Первомайский райондук сотунун судьясы.

2000-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2002-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы болуп дайындалган.

2010-жылдын мартынан июль айына чейин Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары.

2012-2015-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи май районунун юридикалык консультациясында адвокат болуп эмгектенген.

2015-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

2016-жылдын 1-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары.

Жогорку квалификациялык класстагы судья.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун «Сот тутумунун I даражадагы отличниги» ведомстволук медалы менен сыйланган.
Үй-бүлѳлүү, эки баласы бар.