Меню навигации+

МАМЫРОВ Эркинбек Тобокелович

DSC_0085 1

Конституциялык палатанын судьясы

1965-жылдын 22-октябрында Нарын шаарында туулган. Улуту: кыргыз. Жогорку юридикалык билими бар, 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эки жолу Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлѳйт. Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини ыйгарылган. Эркинбек Тобокелович ѳзүнүн кесиптик эмгек ишмердигин Юстиция министирлигинен баштаган.

1991-1995 жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинде иштеген. Мыйзам долбоорлорун даярдоо башкармалыгында 1-категориядагы адистен баштап, башкармалыктын башчысынын орун басары – бѳлүм башчысы кызматына чейинки жолду басып ѳткѳн.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын ишин камсыздоо бѳлүмүнүн улук консультанты.

1996-1999-жылдары ЮСАИДдин комерциялык укукту ѳнүктүрүү проектинде улуттук эксперт.

1999-2002-жылдары Юстиция министиринин орун басары. 2002-2005-жылдары Юстиция министиринин биринчи орун басары. 2005-жылы Юстиция министиринин милдетин аткаруучу. 2005-2007-жылдары Юстиция министирлигинин статс-секретары. 2007-жылы Жогорку кеңештеги Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн туруктуу ѳкүлүнүн орун басары.

2008-2010-жылдары «Пороговая программа счета вызовов тысячелетия» проектинин компонентинин баштоочусу.

2010-жылдын май айынан баштап 2011-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмѳтүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бѳлүмүнүн башчысы. 2011-жылдын декабрь айынан 2012-жылдын ноябрь айына чейин Ѳкмѳттүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бѳлүмүнүн башчысы.

2012-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган.

2013-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тѳрагасынын орун басары.

2016-жылдын 1-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тѳрагасы.

Жогорку квалификациялык класстагы судья.

Юстициянын 2 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлѳлүү, үч баласы бар.