Меню навигации+

ОСМОНОВА Чолпон Омоковна

DSC_0090 1

Конституциялык палатанын судья-катчысы

1959-жылдын 2-сеньтябрында Чуй областынын Кемин районунун Быстровка айылында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку юридикалык блими бар, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кырыгыз Мамлекеттик Университетти 1983-жылы аяктаган. Экинчи квалификациялык класстык чиндин ээси. Кыргызча, орусча тилдеринде эркин сүйлѳйт, немецче окуйт, ойун түшүндүрѳ алат.

Ч.О. Осмонова ѳзүнүн эмгек ишмердигин 1976-жылы Фрунзе ѳндүрүштүк трикотаждык бирикмесинде тигүүчү-моторист катары баштаган, ал жерде 1978-жылга чейин иштеген.

Жогорку окуу жайын бүткѳндѳн кийин 1983-жылдан 1984-жылга чейин Кыргыз Республикасынын социалдык ѳнүктүрүү министирлигинде юрисконсульт.

1984-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министирлиги консультант, улук консультант.

1991-1996-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда судья.

1996-2002-жылдарында Ыссык-Кѳл областтык сотунда судья, тѳраганын орун басары.

2002-2006-жылдары Аламүдүн райондук соту тѳраганын орун басары.

2006-2013-жылдары Аламүдүн райондук сотунда судья.

15.05.2013-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы

2020-жылдын 3-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы