Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы аныктамасы менен А.Ж. Эркинбековдун “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 5, 7, 17-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Арыз ээси, акысыз медициналык жардам иш жүзүндө өзүнүн катталган жери боюнча белгилүү бир мамлекеттик медициналык мекемедеги (бейтапканадагы) үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна бекитилген (катталган) жарандарга гана көрсөтүлө тургандыгы жөнүндөгү ченемдерди талашууда.
Муну менен саламаттыкты сактоого конституциялык укукту ишке ашыруу мындай каттоонун болушунан тикелей көз карандылыкка коюлууда.
Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектисинин пикири боюнча көрсөтүлгөн укуктук жөнгө салуу саламаттык сактоонун башка мамлекеттик мекемелеринде акысыз медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, жарандар үчүн теңдеш эмес шарттарды түзөт жана социалдык мамлекеттин принциптерине карама-каршы келет.
Баяндалганды эске алуу менен, А.Ж. Эркинбеков талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну өтүнөт.






