Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту сот тутумунун өнүгүшүнө салым кошкон эмгеги сиңирген ишмерлерине таазим кылды жана аларга ыраазычылык билдирди

04.05.2023

 

 

5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнүн майрамдоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституциялык соттун өнүгүшүнө салым кошкон эмгеги сиңирген ишмерлерге, ошондой эле Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлерине жетишкен ийгиликтери жана сот тутумун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Сыйлыктар төмөнкү адамдарга тапшырылды:

 

“Кызматташтык үчүн” медалы менен сыйлангандар:

  • Бекбосун Жакшылыкович Апсатаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн экс-башчысы;
  • Мурат Каниметович Укушов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентти жана Министрлер Кабинетин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
  • Медербек Кубанычевич Алиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

  • Сергей Николаевич Демин, Конституциялык соттун аппаратынын укуктук жана уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
  • Жылдыз Ашымбековна Жороева, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын басма сөз катчысы;
  • Жайнагуль Кубанычбековна Аширматова, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты.

 

Конституциялык соту тапшырылган сыйлыктар аркылуу ардактуу сыйлык ээлеринин Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон зор салымын жана эмгегин тааныйт. Алардын эмгектеги жетишкендиктери жана укуктук мамлекеттин принциптерине берилгендиги бүткүл жамаат үчүн үлгү болуп саналат жана жогорку деңгээлде таанылууга татыктуу.