Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын шайланган судьяларына күбѳлүктөр тапшырылды

03.09.2013

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын шайланган судьяларына күбөлүктөрдү тапшырды.

А. Жээнбеков сот системанын көз карандысыздыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, Жогорку Кеңештин стратегиялык милдети болуп өлкөнүн судьяларынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу экендигин айтты. «Конституциялык палатанын алдында мыйзам базасынын Конституциянын нормалары менен болгон карама-каршылыкты жоюу боюнча милдет турат. Жарандардан кайрылуулар келип түшүүдө, аларды тез арада карап, адилеттүү чечим чыгарыш керек», – деп кошумчалады Төрага.

Төрага судьяларды өздөрүнүн милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту сактоого жана чечимдерди чыгарууда көз карандысыз болууга чакырды.

Белгилеп кетчү нерсе, «Кыргыз Республикасынын  судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 7-статьясына ылайык, Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасына, анын орун басарына жана Конституциялык палатанын судьяларына күбөлүктөрдү тапшырат.

3-сент Торага Конст палата судьялары 43-сент Торага Конст палатасы судьялары (1)