Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен USAID/IDLO Программасы өз ара түшүнүшүү жана кызматташттык жөнүндө меморандумга кол коюушту

12.09.2013

Сот реформасын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен USAID/IDLO Программасы өз ара түшүнүшүү жана кызматташттык жөнүндө меморандумга кол коюушту.

Меморандумду  ишке ашыруу алкагында сот процессинин аудио жана видео протоколун жүргүзүүгө мүмкүндүк берген  электрондук сот өндүрүшүнүн маалыматтык интеллектуалдык системасын киргизүү каралууда. Бул иш-аракеттер конституциялык сот өндүрүшүнүн айкындык жана ачыктык негизги принциптеринин ишке ашуусун камсыз кылууга багытталган.

Кол коюу жөрөлгөсүнө Конституциялык палатанын төрагасы  Мукамбет Касымалиев, Конституциялык палатанын судьялары, USAID/IDLO  Программасынын Кыргызстандагы аймактык директору   Фред Хьюстон катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы Кыргыз Республикасындагы сот системасынын өнүгүшүн бекемдөөдөгү кызматташтыгы үчүн   USAID программасына ыраазычылык билдирди.

Өз учурунда USAID/IDLO  Программасынын Кыргызстандагы аймактык директору   Фред Хьюстон USAID Программасы мындан ары да Конституциялык палата менен кызматташтыгын улантаарын жана жарандардын сот адилеттүүлүк чөйрөсүндөгү маалыматка мүмкүндүк алуусун камсыз кылууда техникалык колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.