Меню навигации+

Бишкек шаарынын, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторунун судьялары, ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн конституционализмдин жайкы мектеби өткөрүлдү

12.07.2022

Ушул жылдын 6-9-июлунда Конституциялык сот Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү-2-фаза" долбоорунун колдоосу менен Бишкек шаарынын, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторунун судьялары, ошондой эле ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү үчүн конституционализмдин жайкы мектебин өткөрдү.

 

Конституционализмдин жайкы мектебинин максаты болуп катышуучулардын Конституциялык соттун иши жөнүндө билим деңгээлин жогорулатуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасындагы мындай органдын ролу менен маанисин түшүндүрүү, судьяларга Конституциялык сотко суроо-талап менен кайрылуу тартиби, ченем жаратуучу жана башка мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын өкүлдөрүнө алардын конституциялык сот өндүрүшүнө катышуу формалары жөнүндө маалымат берүү саналат.

 

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык, Конституциялык сотко кайрылуунун субъектилеринин бири болуп Кыргыз Республикасынын судьясы (судьялары) саналат. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Конституциялык сотко суроо-талапты жиберет.

 

Конституциялык сотто талашка түшкөн ченемдик укуктук актыны чыгарган, кол койгон ченем жаратуучу органдар же кызмат адамдары, адатта, каралып жаткан иш боюнча ар дайым жоопкер тарап болуп саналат. Мындан тышкары, ченем жаратуучу органдар жана башка мамлекеттик органдар каралып жаткан ченемдик укуктук актынын маанисин ачууда үчүн үчүнчү жак катары тартылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу мамлекеттик органдардын, өзгөчө ченем жаратуучу органдардын Конституциялык соттун сот жыйындарында өкүлчүлүгүнүн маселеси анын практикасында актуалдуу болуп саналат.

 

Ошентип, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга судьялардын Конституциялык сотко суроо-талап менен кайрылуу тартибинин өзгөчөлүктөрү, мамлекеттик органдардын конституциялык сот өндүрүштүн ар кандай стадияларында жоопкер тарап жана үчүнчү жактар катары катышуусу, ошондой эле Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу көйгөйлөрү жөнүндө маалымат берилди.