Меню навигации+

Конституциялык соттун судьялары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине шайланышты

04.03.2022

Бүгүн 4-мартта, Судьялардын курултайында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы курамы жана анын резерви шайланды.

 

Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп Конституциялык соттун судьясы Мукамбет Касымалиев, резервдик курамга судья Жамил Шаршеналиев шайланды.

 

Эске сала кетсек, «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамга ылайык, Судьялар кеңеши судьялар коомдоштугунун мүчөлөрүнүн ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайлануучу 15 мүчөдөн турган курамда түзүлөт.