Меню навигации+

Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетинин студенттери үчүн мейман лекциясында катышты

04.05.2023

2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Баласагын атындагы КУУнун “Бажы иши” жаатында адистешкен юридикалык факультеттин 1-4-курстарынын студенттери үчүн “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын маңызы жана мааниси” темасында мейман лекциясын өткөрдү.

 

Иш-чара көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чаранын ачылышында Юридика факультетинин деканы Кынатбек Сманалиев студенттерди куттуктап, аларды судья менен тааныштырды.

 

Чынара Аскарбековна өзүнүн лекциясында студенттерге конституциялык түзүлүштүн принциптери, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда Конституциянын ролу, ошондой эле мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушундагы Негизги мыйзамдын мааниси жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, укуктук мамлекеттин маанилүү принциптеринин бири мыйзамдын үстөмдүгү болуп саналат жана жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөнүн негизги мыйзамы болуп саналат. Демек, калган бардык мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар КР Конституциясына ылайык келип, ага каршы келбеши керек.

 

Ошондой эле судья Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ролу жана ыйгарым укуктары жөнүндө маалымат менен бөлүштү, ал сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат жана конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу үчүн конституциялык контролду жүзөгө ашырат деп белгилеп кетти.

 

Мейман лекциясынын жүрүшүндө студенттер лекторго суроолорду активдүү беришти жана КР Конституциялык сотунун ишинин ар кандай аспектилерине, анын ичинде анын кабыл алынган чечимдерине кызыгуусун билдиришти.

 

Жолугушуунун соңунда укук таануу жана бажы иштери кафедрасынын башчысы Рахатбек Ибраимов жана студенттер Чинара Айдарбековага бул иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Мындай демилгелер студенттердин инсандыгын калыптандырууга, өз өлкөсүнүн чыныгы патриотторун тарбиялоого жана алардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга өбөлгө түзөөрү шексиз.