Меню навигации+

Конституциялык соттун судьясы Мукамбет Касымалиев Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп шайланды

10.03.2022

Судьялар кеңешинин 9 адамдан турган Тартип комиссиясы түзүлдү. Ага төмөнкү судьялар кирди:

 

1.Касымалиев Мукамбет Шадыканович - Конституциялык соттун судьясы;

2.Акматов Болотбек Джусупбекович - Жогорку соттун судьясы;

3. Жоомартов Күмүшбек Рысбекович - Жогорку соттун судьясы;

4. Абдуллаев Болот Абдрахманович - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

5. Эркебаев Адилет Матеминович - Чүй облустук сотунун судьясы;

6. Абдразаков Нурлан Тажибаевич - Ош шаардык сотунун судьясы;

7. Алимкулов Нургазы Халилович - Баткен областтык сотунун судьясы;

8. Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич - Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы;

9. Асаналиева Алтынай Аскарбековна - Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы.

 

Тартип комиссиясынын биринчи отурумунда төрага жана анын орун басары ачык добуш берүү менен бир жылдык мөөнөткө шайланды.

Комиссиянын төрагасы болуп Акматов Болотбек Джусупбекович, төраганын орун басары болуп Касымалиев Мукамбет Шадыканович шайланды.

 

Ошондой эле, Судьялар кеңешинин туруктуу иштеген жумушчу органдары – бюджеттик комиссия, эксперттик жана билим берүү комиссиясы түзүлдү.