Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы эл аралык эксперт, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун өкүлүн кабыл алды

18.03.2022

2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев эл аралык эксперт, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун өкүлү Шон Робертсти кабыл алды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Шон Робертс Конституциялык соттун төрагасы Э.Осконбаевден интервью алды.

 

Төрага өзүнүн маегинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлүшүнүн тарыхы, ишмердиги, конституциялык сот өндүрүшү тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун калкты укуктук жактан агартууга жана конституциялык сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган тутумдук негизде өткөрүлүп жаткан иш-чараларга тийиштүү маалымат менен бөлүштү. Ошону менен бирге, сот тутумунун жалпы көйгөйлөрү жана коомдун жеткиликтүүлүк туурасында ишенимин арттыруу боюнча зарыл чаралар жөнүндө белгилеп кетти.