Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) мүчөсү, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин баяндамачысы Жак Мэр менен жолугушту

24.03.2022

2022-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Осконбаев Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын мүчөсү, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин баяндамачысы Жак Мэр менен жолугушту.

 

Жолугушууга Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Джаманкулов, ЕКПАнин катчылары Павел Шевченко жана Ариан Лецерф да катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЕКПАнын 1984 (2014) резолюциясынын негизинде демократияны куруудагы кызматташтыкты жана демократия боюнча өнөктөштүктүн алкагында тиешелүү реформаларды жүргүзүүнү талкуулашты.

 

Конституциялык соттун төрагасы 2021-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде конституциялык контролдоо органынын түзүлүшүнүн тарыхы, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдар тутумундагы конституциялык соттун өзгөчө ролу жана орду жөнүндө айтып берди.

 

Өз кезегинде, Жак Мэр мырза кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылык билдирип, ЕКПА Кыргыз Республикасында демократияны жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөө маселелеринде эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө даяр экендигин белгиледи.