Меню навигации+

Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев Мамлекеттик туу күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышты

03.03.2022

Бүгүн 3-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамлекеттик желектин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

“Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы жана келечекте дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келген, мындан ары дагы боло бермекчи. Ошондуктан, элибиздин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желегибизди бийик кармайлы!”,- деп белгиледи өз сөзүндө мамлекет башчысы.

Эскерте кетсек, мамлекеттик желек 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген, ал эми 4-мартта Өкмөт үйүнүн үстүндө салтанаттуу түрдө көтөрүлгөн.