Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев Президент Садыр Жапаровдун судьялар корпусу менен жолугушуусуна арналган иш-чарага катышты

05.08.2022

Ушул жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун имаратында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун судьялар корпусу менен жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев катышты.

 

«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо», - деп билдирди Президент Садыр Жапаров.

 

Мамлекет башчысы сот системасын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири судьяларды ротациялоо болгонун белгиледи. «Мындай масштабдуу ротация өлкөбүздө биринчи жолу жүргүзүлдү, анын себептерин былтыркы жолугушууда жана судьялардын быйылкы Курултайында айткан элем. Аны ишке ашырууда кыйынчылыктар болбой койбойт, бирок ал максатына жетсе, элдин үмүт-тилеги акталат», - деп баса белгиледи ал.

 

Мамлекет башчы соттордун иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине да токтолду.

 

Мындан тышкары Президент судьялардын ишинин деңгээлин көтөрүү максатында ушул жылдын август айынан тарта сот системасынын кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлгөнүн белгиледи.