Меню навигации+

Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

10.05.2022

Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев 9-майда Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Митинг-реквиемге ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.

 

Иш-чаранын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти. Андан соң Президент сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилдерин Жеңиш күнү менен куттуктады.

 

Ошол эле жерде Бишкек горнизонунун аскеринин өздүк курамы салтанат менен басып өтүштү.