Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу

30.08.2022

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Азыркы Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхынын жылбаяны ушул күндөн башталат.

 

Бүгүн – биздин өлкө үчүн маанилүү жана мааракелүү күн, биз Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Биздин көзкарандысыздык – бул ыйык мурас, ал үчүн ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп келген, ал үчүн жанын берген.

 

Биздин эркиндик – бул ар бирибиздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жашап келген сезим. Улуу муундардан келген бул мурасты, биз кийинки муундарга өткөрүп беришибиз керек.

 

Көз карандысыздык жылдарында биз көп нерсени баштан өткөрдүк, бирок элибиз биримдикти жана ынтымакты, социалдык абалына, улутуна жана динине карабастан адамдын инсандыгын урматтоону сактап калды.

 

Өлкөдө тынчтыкты жана бакубаттуулукту сактоо, мекенибизди туруктуу өнүктүрүү үчүн күч-аракетти жумшоо – бул биздин милдет.
Кылымдар бою көз карандысыздык биздин башкы баалуулугубуз, кыргыз элинин өз тагдырынын эгеси болуу укугу үчүн кылымдар бою күрөшүп келген салтанатынын таажысы болуп келген.

 

Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын коргоо, элдин биримдигин жана жерибиздин бүтүндүгүн сактоо – ар бирибиз үчүн ыйык милдет.
Конституциялык сот Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын бири катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын үстөмдүгүн камсыз кылуу жолу менен мамлекетти туруктуу бекемдейт, бул ар бир гүлдөгөн өлкөнүн жашоо ченеми болуп саналат.

 

Кыргызстан бүгүнкү күндө - демократиялык мамлекет, анда жарандар өз өлкөсүнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна жигердүү катышуу менен өз тагдырын чечишет.

 

Элибизге, анын бардык өкүлдөрүнө бекем ден соолук, ийгилик, тынчтык жана ынтымак, бакыт жана береке каалайбыз!
Биздин көз карандысыз Кыргызстан гүлдөп өссүн!

 

 

Кыргыз Республикасынын

Конституциялык сотунун төрагасы

Э.Ж. Өскөнбаев