Меню навигации+

Конституциялык палата «Ар бир адамдын турмушуна Конституция таасирин кантип тийгизет?» темасында студенттер үчүн сынак жарыялайт

12.03.2021

Конституциялык палата «Ар бир адамдын турмушуна Конституция таасирин кантип тийгизет?» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.

 

Сынак Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнүнө арналып, мамлекеттин Баш мыйзамынын ролун жана маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

 

Конкурска ким катыша алат?

Республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

 

Конкурстук материалдарга болгон талаптар

Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн.

Эссе 3 барактан, видеоматериал - 10 мүнѳттѳн ашпашы керек.

Бир автордон материалдардын саны чектелбейт.

Сынак материлдары кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Автордук материалдарды сынакка берүү уюштуруучулар тарабынан аларды жарыялоого уруксат катары кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн сынак материалынын түп нускасынын автору катары катышуучуну тастыктаган тѳмѳндѳ тиркемеде кѳрсѳтүлгѳн табыштама формасын* толтуруу керек.

 

Материалдар кандай түрдѳ берилет?

Видеоматериалдар видео же файлдык хостингге жүктөлүшү керек (youtube). Уюштуруучуларга электрондук почта боюнча аларга шилтемдер жана автор жѳнүндѳ маалымат жиберилет.

Эссе электрондук же кагаз түрүндѳ берилиши мүмкүн.

 

Материалдарды баалоо критерийлери:

- жаңыча жана инновациялык мамиле;

- теманы ачуу деңгээли;

- так жана логикалык баяндоо;

- мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

- креативдүүлүк.

Эссе жана видеороликтер курамы Конституциялык палатанын судьяларынан жана Аппаратынын кызматкерлеринен турган сынак комиссиясы тарабынан бааланат.

 

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп баалонун жыйынтыгы боюнча I, II, III орундарды ээлеген катышуучулар табылат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер (1-орунга – планшет, 2-3-орундарга – уюл телефондор) менен сыйланат.

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо 2021-жылдын 30-апрелинде Конституциялык палатада Ачык эшик күнүндѳ ѳткѳрүлѳт.

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп табылган чет жактан келген студенттер сыйлоо аземине катышуу үчүн ѳздѳрүнүн каражатынан Бишкек шаарына келүүгѳ байланыштуу болгон чыгымдарды тѳлѳшѳт.

 

Материалдарды кантип жиберүү керек?

Бардык материалдар 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 39 дарегине почта менен же info@constsot.kg электрондук почтага жиберилиши мүмкүн.

Байланыш тел.: 0312 62 15 17, 0554 26 27 27.

 

Конкурстук материалдар 2021-жылдын 23-апрели саат 18.00 чейин кабыл алынат.

 

*ТАБЫШТАМА

Бул бѳлүктү толтуруу менен, мен сынак материалдардын түп нускасынын автору экендигин тастыктайм жана аны Конституциялык палатанын расмий сайтында жарыялоого макулдугумду берем.

 

Аты ____________________________________________________________________

Фамилиясы ______________________________________________________________

Атасынын аты____________________________________________________________

Окуган жайы (ЖОЖ, курсу, адиси) _____________________________________________

Байланыш телефону _______________________________________________________

E-mail _________________________________________________________________