Меню навигации+

Конституциялык палата эл аралык конференция өткөрөт

06.06.2016

2016-жылдын 9-10-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосунда ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын натыйжалуу ишке ашырууда конституциялык контролдоо органдарынын орду жана мааниси» темасында эл аралык конференция уюштурууда.

 

Бул конференцияга Азербайджан, Армения, Беларусь, Болгария, Индонезия, Казахстан, Корея, Латвия, Литва, Монголия, Орусия, Румыния, Таджикистан, Тайланд, Турция, Узбекистан, Украина Хорватия мамлекеттеринин конституциялык сотторунун тѳрагалары жана судьялары катышат.

 

Ошондой эле иш-чарага КРнын Президентинин Аппаратынын жетекчиси, Жогорку соттун судьялары, Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Вице-премьер-министри жана башка мамлекеттик органдын ѳкүлдѳрү, эл аралык уюмдардын, илимий чѳйрѳнүн ѳкүлдѳрү катышат.

 

Конференциянын маскаты болуп, ооздуктоо жана тең салмактуулук системасында конституциялык контролдоонун ѳнүгүүсүнүн тенденциялары жана практикалары жѳнүндѳ пикир жана тажрыйба алмашуу саналат.

 

Конституциялык контролдоо Конституцияны коргоо, анын үстѳмдүгүн жана бийлик бутактарынын бѳлүнүү принцибин сактоону камсыздоо, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоо боюнча жалпы маселелерди чечүү менен бирге бийлик органдарынын ортосундагы ооздуктоо жана тең-салмактуулук системасынын негизги элементи болуп эсептелет, бийлик бутактарынын балансын сактаган механизм катары каралат.