Меню навигации+

Конституциялык палата «Конституциялык сот адилеттиги адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо каражаты катары» темасында студенттер үчүн сынак жарыялайт

14.03.2017

 

Конституциялык палата Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдѳѳ боюнча ЮСАИД жана IDLO Программасынын техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнѳ карата «Конституциялык сот адилеттиги адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо каражаты катары» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.

 

Сынак адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу конституциялык сот адилеттигинин ролун жана маанисин белгилеген эң жакшы эссе жана видеороликтерди  аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

 

Конкурска ким катыша алат?

Республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

 

Конкурстук материалдарга болгон талаптар

Конкурстук материалдар кыргыз же орус тилинде берилиши мүмкүн.

Эссе 3 барактан, видеоматериал – 10 мүнѳѳттѳн ашпашы керек.

Бир автордон материалдардын саны чектелбейт.

Сынак материлдары кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Автордук материалдарды сынакка берүү уюштуруучулар тарабынан аларды жарыялоого уруксат катары кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн  сынак материалынын түп нускасынын автору катары катышуучуну тастыктаган табыштаманы толтуруу керек.

 

Материалдар кандай түрдѳ берилет?

– видеоматериалдар видео же файлдык хостингге жүктөлүшү керек (youtube, namba), уюштуруучуларга электрондук почта боюнча аларга шилтемдер жана автор жѳнүндѳ маалымат жиберилет;

– эссе электронндук же кагаз түрүндѳ берилиши мүмкүн.

 

Материалдарды баалоо критерийлери

– жаңыча жана инновациялык мамиле;

– теманы ачуу деңгээли;

– так жана логикалык баяндоо;

– мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

– креативдүүлүк.

Эссе жана видеороликтер  курамы Конституциялык палатанын судьяларынан турган сынак комиссиясы тарабынан бааланышат.

 

Сыйлыктар

1-орун – планшет

2-орун– планшет

3-орун – тышкы катуу диск

 

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо 2017-жылдын май айынын башында Конституциялык палатада Ачык эшик күнүндѳ ѳткѳрүлѳт.

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп табылган чет жактан келген студенттер сыйлоо аземине катышуу үчүн ѳздѳрүнүн каражатынан Бишкек шаарына келүүгѳ байланыштуу болгон чыгымдарды тѳлѳшѳт.

 

Материалдарды кантип жиберүү керек?

Бардык материалдар 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 39 дарегине почта менен же info@constsot.kg электрондук почтага жиберилиши мүмкүн.

Байланыш тел. 0312 66 07 Назгуль Нурбекова

 

Конкурстук материалдар 2017-жылдын 21-апрелинде саат 18.00 чейин кабыл алынат.