Меню навигации+

Конституциялык палатада төраганы, төраганын орун басарын, судья-катчыны кайрадан шайлоо болуп ѳттү

30.06.2016

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары ѳз жыйынында Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчыны кайрадан шайлашты.

 

Төрага болуп  Мамыров Эркинбек Тобокелович, төраганын орун басары болуп Киргизбаев Куанбек Манаевич, судья-катчылыкка Бобукеева Меергуль Рыскулбековна шайланды.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы өзүнүн курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана судья-катчыны үч жылдык мөөнөткө шайлайт.