Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары АКШнын сот системасы менен таанышты

10.10.2013

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьяларынын курамында 5 адам  болгон  тобу үстүбүздѳгү  жылдын  26-сентябрынан 7-октябрына чейин АКШда иш-сапар менен болушту. Конституциялык палатадан бул иш-чарага  судьялар   Ч. Айдарбекова жана М. Бобукеева катышты. АКШга болгон иш-сапар  «Укуктун жогору болуусу» темасында болуп ѳттү.

Бул сапар Кыргызстанда сот системасын бекемдѳѳ боюнча USAID  жана IDLO программалары жана Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңеш тараптан  (АКСЕЛС) жаңы шайланган судьялар арасында  ѳткѳрүлгѳн «Ачык Дүйнѳ 2013» программасынын финалисттерин сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча уюштурулду жана «Ачык Дүйнѳ» Лидердик борбору тараптан каржыланды.

Судьялар Вашингтондо, Миннеаполис жана Сент Пол шаарларында (Миннесота штаты) болушту жана АКШ сотторунун административдик башкармалыгына, Миннесота штатынын Жогорку жана аймактык сотторуна, Миннесота штатынын сотунун административдик башкармалыгына баш багышып, АКШнын сот системасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты, ошондой эле Юристтердин федералдык ассоциациясынын ѳкүлдѳрү менен жолугушуу уюштурулган.

Сапардын алкагында Конституциялык палатанын судьясы  Ч. Айдарбекова кыргыз делегациясынын атынан чыгып, «Кыргыз Республикасындагы сот реформа»  темасында  презентация жасады.

 

Маалымат үчүн:

«Ачык Дүйнѳ» программасы Россия жана АКШнын эки атактуу илимпоздору жана коомдук-саясий ишмерлери – академик Дмитрий  Сергеевич Лихачев жана АКШ Конгрессинин китепканасынын директору Джеймс Биллингтондун демилгеси менен 1999-жылы  түзүлгѳн. Кыргызстанда бул программа 2007 жылдан бери иштеп келет. Программа  ар кандай тармактагы кыргыз лидерлерине  америкалык кесиптештери менен  эки тарап үчүн маанилүү болгон  маселелер  боюнча тажрыйба жана идеялар менен алмашууга мүмкүнчүлүк берүү жолу менен Кыргызстан жана АКШнын ортосунда ѳз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты бекемдѳѳгѳ багытталган.