Меню навигации+

Конституциялык палатанын тѳрагасы М.Касымалиевдин Адам укуктарынын күнүнѳ карата куттуктоосу

09.12.2015

 Урматтуу кыргызстандыктар!

 

 

Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алуу дүйнѳлүк маанидеги тарыхый окуя, ал эми Декларациянын ѳзү азыркы замандын эң бир кѳрүнүктүү документи болуп саналат.

 

Адам укуктарынын жалпы декларациясында камтылган негизги принциптер  Кыргыз Республикасынын Конституциясында дагы келтирилген. Ѳз учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциянын жана укуктун үстѳмдүгүн камсыздоодо адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ѳзүнүн ишин жигердүү алып барууда.

 

Конституциялык палата укуктары жана эркиндиктери бузулган жарандарга карата сот адилеттигин калыбына келтирүү менен Адам укуктарынын жалпы декларациясында белгиленген баалулуктарды сактоого жана бекемдѳѳгѳ умтулат.

 

Учурдан пайдаланып, кыргыз коомчулугун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 67 жылдык мааракеси менен жана Адам укуктарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку сотунун

Конституциялык палатасынын

Тѳрагасы Мукамбет Касымалиев