Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасынын Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү

30.10.2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы курамында Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясына мүчө болгон мамлекеттердин депутаттары Андреас Гросс  (Швейцария), Анна Брассеур (Люксембург), Педро Аграмунт (Испания), Роберт Уолтер (Улуу Британия) жана Андрей Хунко (Германия) болгон Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясы  менен жолугушту. ЕКПАнын делегациясы Кыргызстанга ЕКПАда  Кыргызстандын “Демократия боюнча өнөктөштүк” статусун алуу тууралуу кыргыз тараптын демилгесин талкуулоо боюнча  саясий консультацияларды өткөрүү үчүн келген. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап мамлекеттеги жана аймактагы коомдук-саясий кырдаал менен демократиянын өнүгүшүндөгү курч маселелерди, кызматташуунун келечегин талкуулады. Ошондой эле, ЕКПАнын “Демократия боюнча өнөктөштүк” статусу Европалык өнөктөштөр менен кызматташуунун чегин кеңейтип, Кыргызстанда конституциялык сот өндүрүшүнүн натыйжалуу системасын курууда Европа мамлекеттеринин тажрыйбасын колдонууга мүмкүнчүлүк берери белгиленди.