Меню навигации+

Конституциялык палатанын веб-сайтынын расмий презентациясы болуп өттү

26.09.2013

25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын веб-сайтынын  www.constsot.kg расмий презентациясы болуп өттү.

Конституциялык палатанын веб-сайты ПРООНдун жардамы менен  түзүлгөн.

Сайттан колдонуучулар  конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн  Кыргыз Республикасында жаралуусунун жана өнүгүүсүнүн тарыхы, Конституциялык палатанын азыркы иши тууралуу, сот жыйналыштарынын календары, кабыл алынган актылар жөнүндө жана башка маалыматтар менен тааныша алышат.

Презентациянын алкагында ошондой эле, Конституциялык палатанын  мамлекеттик органдар, жарандык коом жана эл аралык уюмдар  менен өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

Презентацияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын  өкүлдөрү, судьялар, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын  өкүлдөрү катышты.

SAG_3665SAG_3726