Меню навигации+

«Конституциялык сот адилеттигинде өлчөмдөштүк принциби: адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө тажрыйбасы» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция Бишкекте болуп өттү

12.04.2019

Бүгүн, 12-апрель күнү, Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу Күнүнө арналган «Конституциялык сот адилеттигинде өлчөмдөштүк принциби: адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө тажрыйбасы» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция Бишкекте болуп өттү. Конференция «Кыргыз Республикасында адам укуктарынын үстөмдүгүнө көмөктөшүү – 2-фаза» Европа Биримдигинин долбоорунун колдоосу менен Конституциялык палата тарабынан уюштурулган.

 

Чет өлкө мамлекеттеринин конституциялык сотторунун судьялары жана экс-судьялары, Жогорку соттун судьялары, Президенттин Аппаратынын, Өкмөт Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, башка мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттери конференциянын ишине катышты.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, бул сыяктуу конференцияларды өткөрүү жакшы салтка айланып калды жана бул конференция өзү бара-бара талкуу аянтына жана практикалык ишмердикте тажрыйба алмашуунун негизги платформасына айланууда деп конференциянын ачып жатып белгиледи. Ошондой эле төрага мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик жана академиялык коомчулук үчүн бул жерде ченемдик-укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамдарда табылган кемчиликтер жөнүндө жана укук теориясы менен тажрыйбасын экөөнү бирдей алып алар кантип чечилүүгө тийиш экендиги тууралуу угуп-билүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө деп конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду. «Бул сыяктуу талкуу жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун таасирлүү механизмдери менен укуктук мамлекеттин принциптеринин бекемеделишине көмөк болот», – деп төрага сөзүн жыйынтыктады.

 

Конференцияда куттуктоо сөздөрү менен КР Акыйкатчысы Т.Б. Мамытов, КР юстиции министри М.Т. Джаманкулов, «Кыргыз Республикасында адам укуктарынын үстөмдүгүнө көмөктөшүү – 2-фаза» Европа Биримдигинин программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас чыгышып, алар конференциянын тематикасынын маанилүүлүгүн айтып, анткени ар кимдин укуктары менен эркиндиктерин чектөөдө өлчөмдөштүк мамилеси тууралуу кеп болууда экендигин белгилешти.

 

Иш-чарада Конституциялык палатанын судья-катчысы М.Р. Бобукеева, чакырылган эл аралык эксперттер – Литва Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Дануте Йочине, Молдова Конституциялык сотунун экс-төрагасы Тэнасе Александру, ошондой эле илим өкүлдөрү баяндамаларын жасашты.

 

Баяндамачылар өзүнүн сөздөрүндө адамдын укуктары менен эркиндиктерин чектөөдө пропорциялуу мамиленин теориясын жана тажрыйбасын, өлчөмдөштүк принцибинин мыйзам жана доктриналык критериийи катары маңызын жана мазмунун баса белгилешти.

 

Жалпысынан, иш-чарада конституциялык сотторунун чечимдеринде өлчөмдөштүк принцибин колдонууда конституциялык контролдоо органдарынын тажрыйбасы талкууланды.