Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу

31.08.2021

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүк күнү жөнүндө Декларациясын кабыл алган. Бул күн эл аралык коомчулуктун толук кандуу субъектиси – эгемендүү жана көз карандысыз жаңы республиканын түзүлүшү менен белгиленди.

 

Быйыл Көз карандысыздыкка ээ болгон күндүн 30 жылдык юбилейлик мааракесин белгилейбиз. Кыргызстандыктардын милдети – өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо, биздин мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошууда турат.

 

Өз кезегинде, Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуучу орган катары Конституциялык сот чыныгы демократиялык баалуулуктарды белгилөөгө көмөктөшөт, аны менен коомдун жана мамлекеттин турмушунда укуктун улуктугу идеяларын бекемдөөдө маанилүү чечимдерди кабыл алуу жолу менен ар кимдин пайдубал укуктары менен эркиндиктерин коргойт.

 

Бул майрамда кыргызстандыктардын ар бир күнү кубанычка, жылуулукка жана өлкөбүздүн гүлдөп өсүшү үчүн жаңы жетишкендиктерге толушун каалайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Конституциялык сотунун

Төрагасы К.А. Дуйшеев