Меню навигации+

КР ЖС Конституциялык палатасынын Тѳрагасы Мукамбет Касымалиевдин Жаңы жылдык куттуктоосу

29.12.2015

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

 

Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

 

Эски жылды узатып жатып, биз анын кубанычтуу жана кайгылуу учурларын эстейбиз, бирок келе жаткан Жаңы жыл ар бирибиз жана бүткүл өлкөбүз үчүн жакшы жана ийгиликтүү жыл болсо экен деп ишенебиз.

 

Жаңы жылда сиздерин бардык тилегиңиздер аткарылсын, ар бир баштоолоруңуз ийгилик менен коштолсун, Жаңы жыл чыгармачылык эргүү жана жемиштүү жаратуучу эмгек алып келсин!

 

Чын жүрѳктѳн ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, асыл үмүттөрдүн аткарылышын, тынчтык жана бакубаттуулук, ар бир үйгѳ кубаныч жана ынтымак тилеймин!

 

Келе жаткан жыл биздин элдин биримдигин мындан да бекемдеген, Кыргызстанга туруктуулук жана өнүгүүнү алып келген жылдардан болсун!

 

 

 

Эң жакшы тилектер менен

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

       Конституциялык палатасынын Тѳрагасы

М. Касымалиев