Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Германия Федеративдик Республикасына жана Австрия Республикасына иш сапар менен барып келишти

09.12.2013

2013-жылдын 2-декабрынан 7-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 8 судьясы, Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси жана Конституциялык палатанын төрагасынын кеңешчиси Германия Федеративдик Республикасына (Хайдельберг ш.) жана Австрия Республикасына (Вена ш.) иш сапар менен барып келишти жана «Конституциялык көзөмөл, Конституцияны жана чыгарылган соттук чечимдерди чечмелөө методдору» аталышындагы конференцияга катышышты. Кыргызстандан барган делегациянын иш сапарынын кесиптик программасы «Кыргызстандагы жана Германиядагы конституциялык көзөмөлдү бекемдөө жана анын эл аралык келечеги» темасында болуп ѳттү.

Бул иш  сапар Европа Союзу каржылап жаткан,  Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясы жана БУУнун Өнүгүү программасы иш жүзүнө ашырып жатышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына колдоо көрсөтүү боюнча долбоордун алкагында Макс Планк атындагы  Эл аралык тынчтык жана мыйзамдуулукту сактоо фонду (Германия) тарабынан  уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын делегациясы Карлсруэдеги  Германиянын Федералдык Конституциялык сотуна, Венадагы Австриянын Конституциялык сотуна барышты жана бул мамлекеттердин конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн  иш тажрыйбасы менен таанышуу, ошондой эле өз кесиптештери менен жолугушуп,  алар менен конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн функциялары жана компетенциясы, германиялык, австриялык конституционалдык сот адилеттүүлүгүнүн тажрыйбасы жана институционалдык аспекттери менен байланышкан маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүндүгүн  алышты.

Бул иш сапардын алкагында Конституциялык палатанын судьялары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын институционалдык көз карандысыздыгы, Кыргызстандагы конституциялык көзөмөлдү бекемдөө маселелери кѳтѳрүлүп,  талкууга алынды.