Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери үчүн багыттоочу тренинг ѳткѳрүлдү

15.11.2013

13-ноябрдан 15-ноябрга чейин Чүй облусунун Калмак-Ашуу айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппаратынын кызматкерлери үчүн Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы жана БУУнун ѳнүктүрүү Программасы тарабынан ишке ашырылган жана Европа биримдиги менен каржыланган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо долбоорунун алкагында багыттоочу тренинг ѳткѳрүлдү.

Тренингде Конституциялык палатанын, Конституциялык палатанын судьяларынын жана Аппаратынын ролу, ыйгарым укуктары, Конституциялык палатанын башка мамлекеттик бийлик органдары менен карым-катнаштары, Конституциялык палатаны ѳнүктүрүү стратегиясы жѳнүндѳ суроолор каралды жана талкууланды, ошондой эле Конституциялык палата Европа биримдиги, Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы, БУУнун ѳнүктүрүү Программасы менен мындан аркы кызматташтыгынын программаларын белгиледи. Тренингдин лекторлору катары Брдо университетинин доктору, Словениянын Конституциялык сотунун маалымат-аналитикалык бѳлүмүнүн экс-башчысы, профессор – Арне Мавчич, Латвиянын Конституциялык сотунун Тѳрагасынын кеӊешчиси – Лайла Юрсена жана Венециялык комиссиянын Украинадан мурунку мүчѳсү – Марина Ставнийчук чакырылышкан.

Бул тренингдин жыйынтыгында жогоруда кѳрсѳтүлгѳн суроолор боюнча жемиштүү ой-пикирлер менен алмашуу болду, Конституциялык палатаны ѳнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы мындан аркы кызматташтыктын конкреттүү пландары белгиленди.

IMG_7425IMG_7297